Содержание

 Редакциядан

 Ушул журналда төмөнкүлөр боюнча тематикалар чагылдырылышкан макалалар берилген:

- Бартогай суу сактагычынын (Казакстан) жана Ысык-Көл областынын жайгашуу районунун сейсмикалык коркунучу; заманбап сейсмоокуялар боюнча сыяктуу эле, тарыхий жана палеожер титирөөлөрү боюнча дагы маалыматтар келтирилген, бул каралып жаткан аймактардын солкулдоолорунун мүмкүн болгон интенсивдүүлүгүн тактоого мүмкүндүк берет;

- аймактык аралыктарда жүргүзүлүшкөн жер алдындагы ядролук жрадыруулардын толкундук сүрөттөлүшүнө: Лобнор полигонунда 1983-1996-жж. жана ошол эле райондо жүргүзүлгөн тектеоникалык жер титирөөлөргө талдоо жүргүзүүгө. Булактын жаратылышын сейсмикалык таануу максатында Sn/Pn жана Lg/Pg негизги сейсмикалык аймактык фазалардын спектралдык катнаштары изилденген;

- Кыргызстандын Kр = 3.0 – 15.0 энергетикалык класстар диапазонундагы жана 500 кмге чейинки эпиборбордук аралыктардагы жер титирөөлөрү үчүн Ар/Тр маанилеринин өчүүсү; ар түрдүү энергетикалык класстар жана эпиборбордук райондор үчүн графиктердин төмөндөө даражасындагы жана маанилерди тууралоо коэффициентиндеги айырмачылыктар белгиленүүдө;

- Кыргызстандын аймактарында жана жакын жайгашкан аймактарда 2014-ж. болуп өткөн Kр≥ 9.0 71 жер титирөөсү үчүн фокалдык механизмди чечүү; жер титирөөнүн очокторунун механизмдери жана жер титирөөлөрдүн очокторундагы чыңалуулардын окторунун багыты менен карталар келтирилген;

- «муз титирөө» (8.1 х 105 – 1.8 х 109 жакын сейсмикалык энергиялары менен) Заалай жана Күңгөй бийиктиктеринин мөңгүлөрүнүн мисалында: мөңгүлөрдө алардын жылышуусуна жараша жараңкалар жана ажыроолор тутумдары пайда болушат, алар акустикалык эмиссия менен сейсмикалык толкундар жана титирөөлөр менен коштолушат; жер титирөөлөрдүн жана «муз титирөөлөрдүн» мезгилдүү пайда болуусу мөңгүлөрдүн жылышуусун өзгөрткөндүгү белгиленет;

- антиклиналдык түзүмдөрдүн сейсмогендүүлүгү, анын себебин каптал горизонталдык кысылуу күчтөрүнүн антиклиналдарынын түзүлүү учурундагы литостатикалык басымдын кайра бөлүштүрүлүшү катары түшүндүрүү менен – Кыргыз Тянь-Шанынын шарттары үчүн бул күч Индия-Австарлия жана Евроазия литосфералык плиталарынын урунушуусунан улам пайда болгон: антиклиналдардын негизинде литостатикалык басым кескин төмөндөйт, бул чөйрөнүн керилүү күчтөрүнүн бүтүндүгүнүн айрылуусуна жер титирөөнү пайда кылуу менен алып келет;

- Жердин табигый импульстук электрмагниттик талааларынын (ТИЭМТ) фондук интенсивдүүлүгүнүн варианттары жана геомагниттик талаанын варианттары; аларга талдоо жүргүзүлгөн жана салыштыруу келтирилген;

- Түндүк Тянь-Шань – Чүй жана Суусамыр ойдуңдарынын аймактарына чектешкен жерлерде жана алардын тоо курчоолорунда болуп өткөн палеожер титирөөлөргө кластердик талдоо жүргүзүү;

- Тянь-Шандын сейсмикалык коркунучуна активдүү жараңкалар тууралуу маалыматтардын негизинде баа берүү, мында, Тянь-Шандын борбордук бөлүктөрүндөгү активдүү жараңкалардын жүрүм-туруму “мүнөздүү” жер титирөөлөр теориясынын алкактарына туура келе тургандыгы жана жогорку кабыктагы серпилгичтүү чыңалуулардын ири бөлүгү 2 – 4 м барабар жана МW = 6.9-7.4 магнитудасы менен кулоо боюнча жылышуусу менен сейсмикалык окуялардын көрүнүшү ишке ашырыла тургандыгы божомолдонот.

 Басылма Жер жөнүндө илимдер тармагында иш алып барышкан адистердин кеңири чөйрөсүнө эсептелген.

Катышуучулардын бардык басылмалары оригиналдуу автордук редакциясында берилген. Журналдын редакциясы алардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 

От редакции

В данном журнале представлены статьи, в которых освещаются тематики по:

- сейсмической опасности района расположения Бартогайского водохранилища (Казахстан) и Иссык-Кульской области; приведены данные, как по современным сейсмособытиям, так по историческим и палеоземлетресениям, что позволит уточнить возможную интенсивность сотрясений на рассматриваемых территориях;

- анализу волновой картины подземных ядерных взрывов, произведённых на региональных расстояниях: на полигоне Лобнор в 1983 - 1996 гг. и тектонических землетрясений, проведённых в том же районе. Исследованы спектральные отношения основных сейсмических региональных фаз Sn/Pn и Lg/Pg с целью сейсмического распознавания природы источника;

- затуханию значений Ар/Тр для землетрясений Кыргызстана в диапазоне энергетических классов Kр = 3.0 – 15.0 и эпицентральных расстояний до 500 км; отмечаются различия в степени спада графиков и коэффициенте корреляции значений для разных энергетических классов и эпицентральных районов;

- решению фокального механизма для 71 землетрясения Kр  9.0, которые произошли на территориях Кыргызстана и прилегающих регионов в 2014 г.; приведены карты с механизмами очагов землетрясении и ориентаций осей напряжений в очагах землетрясений;

- сейсмических событий (с сейсмическими энергиями около 8.1х105 – 1.8х109) на примере ледников Заалайского и Кунгейского поднятий: в ледниках по мере их движения образуются системы трещин и разрывов, которые сопровождаются акустической эмиссией сейсмическими волнами и сотрясениями; отмечается, что периодические проявления землетрясений и «ледотрясений» изменяли движение ледников;

- сейсмогенности антиклинальных структур, объясняя её причину как перераспределение литостатического давления при формировании антиклиналей силами бокового горизонтального сжатия – для условий Кыргызского Тянь-Шаня эта сила вызвана столкновением Индо-Австралийской и Евроазиатской литосферных плит: в основании антиклиналей резко снижается литостатическое давление, что приводит к разрыву сплошности среды силами растяжения вызывая землетрясение;

- вариациям фоновой интенсивности естественных импульсных электромагнитных полей (ЕИЭМП) Земли и вариациям геомагнитного поля; проведен их анализ и сопоставление;

- кластерному анализу палеоземлетрясений, произошедших на сопредельных территориях Северного Тянь-Шаня - Чуйской и Суусамырской впадин и их горного обрамления

- оценке сейсмической опасности Тянь-Шаня на основе данных об активных разломах, где предполагается, что поведение активных разломов центральной части Тянь-Шаня укладывается в рамки теории «характерного» землетрясения и что большая часть упругих напряжений в верхней коре реализуется проявлением сейсмических событий со смещением по падению равным 2 – 4 м и магнитудой МW= 6.9-7.4.

  Все публикации участников представлены в оригинальной авторской редакции. Редакция журнала не несёт ответственности за их содержание.