Содержание

ОТ РЕДАКЦИИ

Сборник открывается статьёй, в которой представлен ретроспективный материал по анализу прогноза сильных землетрясений на территории Кыргызстана и сейсмический материал, обработанный и предоставленный авторами в виде карт-схем распределения эпицентров землетрясений с K ≥ 7.0 и карт-схем ориентации осей напряжений сжатия в очагах землетрясений за 2017-2019 гг.

В статье по Иссык-Кульскому региону анализируются опубликованные данные по палеосейсмологическим и археологическим исследованиям. Приведены абсолютные датировки древних и исторических землетрясений с М ≥ 7.0 в течение последних 10 тыс. лет; выделены периоды затишья и сейсмической активизации.

В следующей статье представлены исследования, проведённые в зоне Жамантас-Тохтинского разлома (Казахстан), и анализ полученных данных.

Представлены результаты проведённого эксперимента на площадке строительства проектируемого12-этажного жилого здания с торговыми помещениями на первом и втором этаже. Выявлено, что на глубине 6.5 м от поверхности земли и ниже сейсмичность составляет 8.0 баллов, что позволило автором рекомендовать строителям при строительстве здания «снять» верхний слой грунта.

Интересен и перспективен подход группы авторов (Омурбек кызы Канышай и др.) к проблематике сейсмического воздействия карьерных взрывов на дискретную среду горных пород и слежения за состоянием земной коры в пределах месторождения Кумтор (Тянь-Шань) посредством сейсмических волн, излучаемых этими взрывами. Оценены вероятные величины сейсмического воздействия (сила, вибрация-сотрясения) на массивы горных пород в пределах карьера при последовательности взрывов.

Новый материал представлен в статье, посвящённой определению степени сейсмической опасности активного разлома Кажырты (Нарынская впадина), который расположен в области проектируемых ГЭС Верхне-Нарынского каскада. Для доказательства степени опасности разлома авторы использовали данные геолого-геоморфологических полевых исследований, включая детальное картирование, профилирование речных террас, отбор образцов на абсолютный возраст и материалы обследования траншей, прошедших через разлом.

С целью изучения пространственных характеристик естественных электромагнитных полей (ЕЭМП) и их связи с сейсмотектонической деятельностью на территории Иссык-Кульского региона проведены маршрутные (пешии и автомобильные) измерения ЕЭМП.

Выявлено, что все зоны активных разломов характеризуются повышенным уровнем ЕЭМП. Максимальный уровень интенсивности наблюдался на составляющей поля, ориентированной вдоль зоны разлома.

Изложены данные о многочисленных палеофаунистических находках, обнаруженных в мезозой-кайнозойских отложениях Северного Тянь-Шаня. Приведены: таблица, в которой отражены местонахождение фауны в определённых стратиграфических подразделениях и район находки; список остракод, выделенных из кайнозойских отложений Иссык-Кульской впадины. 

Все публикации участников представлены в оригинальной авторской редакции. Редакция журнала не несёт ответственности за их содержание.

РЕДАКЦИЯДАН

Жыйнак Жамантас-Тохти жараңкасынын (Казакстан) зонасында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө жана алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүлгөн макала менен ачылган.

Кийинки макалада Кыргызстандын аймагындагы күчтүү жер титирөөлөрдү божомолдоолорго талдоо жүргүзүү боюнча ретроспективдүү материал жана авторлор тарабынан K ≥ 7.0 болгон жер титирөөлөрдүн эпиборборлорун бөлүштүрүү карт-схемалары жана 2017-2019-жж. ичиндеги жер титирөөлөрдүн очокторундагы кысылуу чыңалууларынын окторунун багыттарынын карт-схемалары түрүндө иштелип чыгарылган жана сунушталган сейсмикалык материал келтирилген.

Ысык-Көл аймагы боюнча макалада палеосейсмологиялык жана археологиялык изилдөөлөр боюнча жарыяланган маалыматтарга талдоо жүргүзүлгөн. Акыркы 10 миң жыл ичиндеги М ≥ 7.0 байыркы жана тарыхый жер титирөөлөрдүн абсолюттук даталанышы келтирилген; тынчып калуу жана сейсмикалык активдешүү мезгилдери бөлүштүрүлгөн.

Биринчи жана экинчи кабаттарында соода имараттары бар долбоорлонуучу 12 кабаттуу турак-жай имаратын куруу аянтчасында жүргүзүлгөн эксперименттин жыйынтыктары келтирилген. Жер бетинен 6.5 м жана андан төмөн тереңдикте сейсмикалуулук 8.0 баллды түзө тургандыгы аныкталган, бул автор тарабынан куруучуларга имаратты куруу учурунда кыртыштын жогорку катмарын «сыйрып салууну» сунуштоого мүмкүндүк түзгөн.

Авторлор тобунун (Омурбек кызы Канышай жана башкалар) Кумтөр (Тянь-Шань) жер кендеринин чектериндеги карьералык жардыруулардын тоо тектеринин дискреттик чөйрөсүнө сейсмикалык таасир кылуу проблематикасына жана жер кыртышынын абалына ушул жардыруулар тарабынан нурлануучу сейсмикалык толкундардын жардамы менен байкоо жүргүзүү ыкмасы кызыктуу жана келечектүү. Жардыруулардын удаалаштыгы учурунда карьеранын чектериндеги тоо тектеринин массивдерине карата сейсмикалык таасир кылуунун мүмкүн болгон чоңдуктарына (күчү, титирөөчү-солкулдоосу) баа берилген.

Жаңы материал, Жогорку-Нарын каскадынын долбоорлонуучу ГЭСи тармагында жайгашкан Кажырты (Нарын ойдуңу) активдүү жараңкасынын сейсмикалык коркунуч даражасын аныктоого арналган макалада келтирилген. Жараңканын коркунучтуулук даражасын далилдөө үчүн авторлор деталдаштырылган карталоо, дарыя террасаларын профилдеширүүнү, абсолюттук куракка үлгүлөрдү жана жараңка аркылуу өткөн траншеяларды изилдөө материалдарын кошуу менен геологиялык-геоморфологиялык талаа изилдөөлөрүнүн маалыматтарын колдонушкан.

Табигый электр магниттик талаалардын (ТЭМТ) мейкиндик мүнөздөмөлөрүн жана алардын Ысык-Көл аймагынын  сейсмотектоникалык ишмердиги менен байланышын изилдөө максаты менен ТЭМТ маршруттук (жөө жана автоунаа менен) өлчөөлөрү жүргүзүлүшкөн.

Активдүү жараңкалардын бардык зоналары ТЭМТнын жогорулатылган деңгээли менен мүнөздөлөн. Интенсивдүүлүктүн максималдуу деңгээли жараңканын зонасын бойлоп багытталган талааны түзүүчүдө байкалган.

Түндүк Тянь-Шандын мезозой-кайнозой катмарланууларында табылган көп сандаган палеофаунисттик табылгалар тууралуу маалыматтар баяндалган. Төмөндөгүлөр келтирилген: анда белгилүү стратиграфикалык түзүлүштөрдөгү фаунанын жайгашкан жери жана табылган району чагылдырылган таблица; Ысык-Көл ойдуңунун кайнозой катмарланууларынан бөлүнүп алынган остракоддор тизмеси.

Катышуучулардын бардык публикациялары оригиналдуу автордук редакцияда берилген. Журналдын редакциясы алардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.