Содержание

ОТ РЕДАКЦИИ

В составе данного журнала изложены материалы исследований по вопросам, которые связаны с решением различных сейсмологических задач. А именно, рассмотрена сейсмотектоническая позиция сильнейших землетрясений древней Кемино-Чиликской зоны Северного Тянь-Шаня.

На основе проведённых палеосейсмологических исследований с использованием метода «тренчинга» (проходка траншей в зоне Памирского фронтального надвига южной части Алайской впадины) получены новые данные о палеоземлетрясениях в регионе - определены дата и магнитуда выявленных сейсмособытий. Рассчитана средняя скорость смещения крыльев разлома.

Изучены свойства и природа сейсмического роя, развивающегося в течение нескольких лет в пределах активных поднятий в южной части западного окончания Иссык-Кульской впадины; изложены результаты соответствующих исследований.

Приведены результаты анализа механизма очагов форшоков и автершоков Нуринского землетрясения, произошедшего 05.10.2008 г.: деформация в очагах форшоков– взброс по крутой плоскости или сдвиг по пологой; в очагах автершоков - сдвиго-надвиговая.

Излагаются данные анализа механизмов очагов для 162 землетрясений (KR ≥ 10.0), Кыргызстана и прилегающих регионов за период 2016 - 2017 гг.; выявлено, что количество деформаций «сдвиго-надвигов» и «взбросового» типов превалирует по сравнению с другими типами; оси напряжения сжатия ориентированы в близгоризонтальном и близмеридиональном направлениях.

Рассмотрена взаимосвязь сейсмической активности «взрывного» периода (1887- 1911 гг.) возникновения разрушительных землетрясений Тянь-Шаня с вариациями угловой скорости вращения Земли (ѵ).

Приведены данные расчёта оценки сейсмического риска территории городов Токмок и Балыкчи.

Изложены результаты исследований аномальных возмущений электротеллурического и атмосферного электрического полей, связанных с сейсмотектоническими процессами в земной коре Тянь-Шаня (Кырыгызстан).

Описывается зона главного Джунгарского разлома, имеющего протяжённость более 300 км в северо-западном направлении – район Джунгарского Алатау (Казахстан); рассчитана скорость правосдвиговых смещений по зоне разлома в позднечетвертичное время.

В двух статьях описаны палеоген-неогеновые отложения - Кочкорской и Суусамырской впадинах: стратификация, литологический состав, содержащиеся фаунистические и флористические палеоостатки.

Все публикации участников представлены в оригинальной авторской редакции. Редакция журнала не несёт ответственности за их содержание.

РЕДАКЦИЯДАН

Бул журналда ар түрдүү сейсмологиялык маселелерди чечүүгө байланыштуу суроолор боюнча изилдөө материалдары камтылган.

Түндүк Тянь-Шандын байыркы Кемин-Чилик зонасындагы эң күчтүү жер титирөөлөрдүн сейсмотектоникалык орду каралды.

«Тренчинг» ыкмасын (Алай ойдуңунун түштүк бөлүгүндөгү Памирдин фронталдык зонасындагы траншеялары) колдонуу менен жүргүзүлгөн палесейсмологиялык изилдөөлөрдүн негизинде аймактагы палеологиялык жер титирөөлөр боюнча жаңы маалыматтар алынды – болуп өткөн сейсмикалык окуялардын убактысы жана күчү аныкталып, жараканын канаттарынын жылышуусунун орточо ылдамдыгы эсептелинди.

Түндүк Тянь-Шандын Ысык-Көл ойдуңунун батыш четиндеги түштүк жактагы активдүү көтөрүлүүлөрдүн чегинде бир нече жылдар бою пайда болгон сейсмикалык уюктун касиеттерин жана табиятын изилдөөнүн жыйынтыктары берилген.

2008-жылдын 5-ноябрында болгон Нура жер титирөөсүнүн форшоктук жана афтершоктук механизмин талдоонун натыйжалары келтирилген. Форшок очокторундагы деформациясы – тик тегиздик боюнча көтөрүлүү же жантайыңкы тегиздик боюнча жылышуу, афтершок очокторундагы деформациясы – жылышып-көтөрүлүү экендиги аныкталды.

Кыргызстандын жана ага чектеш аймактардагы 2016-2017-жылдар аралыгындагы 162 жер титирөөнүн (KR ≥ 10.0) очок механизмдерин анализдөөнүн маалыматтары келтирилген. «Жылышып-көтөрүлүү» жана «көтөрүлүү » типтеги деформациялардын саны башка деформацияларга салыштырганда басымдуулук болоору жана кысуу чыңалуу октору жакын горизонталдык жана жакын меридионалдык жакка багытталгандыгы аныкталды.

Жердин айлануу бурчтук ылдамдыгынын (ѵ) өзгөрүшү менен кыйратуучу Тянь-Шань жер титирөөлөрүнүн пайда болушунун «жарылуу» мезгилинин (1887-1911) сейсмикалык активдүүлүгүнүн өз ара байланышы каралат.

Токмок жана Балыкчы шаарларынын аймактарынын сейсмикалык коркунучун баалоонун эсептөө маалыматтары келтирилген.

Тянь-Шандын (Кыргызстан) жер кыртышындагы сейсмотектоникалык процесстер менен байланышкан электротеллурдук жана атмосфералык электр талааларынын аномалдык бузулууларын изилдөөнүн натыйжалары келтирилген.

Түндүк-батыш багытында узундугу 300 кмден ашкан башкы Жунгар жаракасынын зонасы - Жунгар Алатауынын (Казакстан) аймагы сүрөттөлгөн. Акыркы төртүнчүлүк доордогу жарака зонасы боюнча оң каптал жылыштарынын ылдамдыгы эсептелинди.

Эки макалада Кочкор жана Суусамыр ойдуңдарындагы палеоген-неоген чөкмөлөрү, алардын стратификациясы, литологиялык курамы, фаунисттик жана флористикалык палео-калдыктары сүрөттөлгөн.

Катышуучулардын бардык басылмалары оригиналдуу автордук редакциясында берилген. Журналдын редакциясы алардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.