ОТ РЕДАКЦИИ
Выпуск открывается статьёй, в которой представлены результаты вероятностного анализа оценки сейсмической опасности Баткенской области и прилегающих к ней районов в виде соответствующих карт в пиковых ускорениях грунта, унифицированных спектров и среднегодовых кривых опасности.
В следующей работе представлены результаты исследования пространственно-временных особенностей сейсмотектонического деформирования земной коры в очаговых зонах последовательности сильных землетрясений (М ≥ 5.0) Южного Тянь-Шаня (1978 г., 1981 г., 1983 г.), происходящего в процессе их подготовки (на основе механизмов очагов слабых землетрясений).
Далее рассматривается современная тектоническая активность территории Нарынской области, связанная с новейшими и современными (позднеплейстоцен - голоценовыми) процессами в дневной поверхности земной коре.
Приводится анализ некоторых причин, вызывающих землетрясения, анализ того, какие физические и космические факторы и каким образом влияют на возникновение землетрясений. Также в данной работе, в качестве размышления авторов, приведены некоторые вопросы к научному сообществу, занимающемуся вопросами сейсмологии.
В следующей статье описывается метод записи голограмм, соответствующих различным состояниям объекта, и последующее получение путём их попарного интерферометрического сравнения в зависимости от перемещений, колебаний и деформаций.
Представлен обзор инженерно-инженерно-геологических условий территории г. Нарын для целей сейсмического микрорайонирования, а также проводятся данные о геоморфологических, гидрогеологических условиях города.
Продолжаются исследования сильного землетрясения, произошедшего 22.01.2024 г. с Mw= 6.9, в частности, рассматриваются особенности геомагнитных аномалий, которые наблюдались во время данного землетрясения.
Следующая статья посвящена описанию результатов определений и анализа механизмов очагов 21 землетрясений с KR ≥ 9.6, произошедших на территории Кыргызстана и прилегающих районов в 2021 г.
Далее изложены предварительные результаты изучения соотношений динамических параметров очагов землетрясений Тянь-Шаня.
Приводятся результаты изучения сейсмичности и распределения землетрясений с KR≥ 8.0 в пределах Кемино-Чиликской зоны разломов за 1962–2023 гг.
В следующей работе изложены результаты исследования динамики иерархии сейсмических циклов – набора сейсмических функций в дискретной геодинамической системе Тянь-Шаня на основе данных ИС НАН КР за 1885–2023 гг.
Выпуск завершается статьёй, посвящённой исследованию роли влияния Центрально-Нарынского разлома на геодинамические условия региона и уровень его сейсмической опасности.
Издание рассчитано на широкий круг специалистов, работающих в области наук о Земле.
Все публикации участников представлены в оригинальной авторской редакции. Редакция журнала не несёт ответственности за их содержание.
РЕДАКЦИЯДАН
Бул сан Баткен облусунун жана ага чектеш аймактардын сейсмикалык кооптуулугун баалоонун ыктымалдык талдоосунун жыйынтыктары жердин эң жогорку ылдамданууларынын, бирдиктүү спектрлеринин жана орточо жылдык кооптуу ийри сызыктардын тиешелүү карталары түрүндөгү макала менен ачылат. Төмөнкү эмгекте Түштүк Тянь-Шандагы (1978 ж., 1981 ж., 1983 ж.), күчтүү жер титирөөлөрдүн ырааттуулугунун очоктук зоналарындагы (М ≥ 5.0) жер кыртышынын аларды даярдоо процессинде (алсыз жер титирөөлөрдүн очокторунун механизмдеринин негизинде) орун алган сейсмотектоникалык деформациясынын мейкиндик-убакыттык өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн жыйынтыктары келтирилген.
Андан ары Нарын облусунун аймагынын азыркы тектоникалык активдүүлүгү каралып, жер кыртышынын күндүзгү бетиндеги жаңы жана заманбап (кеч плейстоцен - голоцен) процесстери менен байланышкан азыркы учурдагы тектоникалык активдүүлүгү каралат.
Жер титирөөнүн кээ бир себептеринин талдоосу, кандай физикалык жана космостук факторлордун жана алардын жер титирөөлөрдүн пайда болушуна кандай таасир эткендигине талдоо берилет. Ошондой эле бул эмгекте авторлордун ой-пикири катары сейсмология маселелери менен алектенген илимий коомчулукка айрым суроолор берилген. Кийинки макалада объекттин ар кандай абалына туура келген голограммаларды жазуу жана андан кийин жылышууларга, термелүүлөргө жана деформацияларга жараша жуп интерферометриялык салыштыруу жолу менен алуу ыкмасы сүрөттөлөт.
Сейсмикалык микрорайондоштуруу максатында Нарын шаарынын аймагынын инженердик жана инженердик-геологиялык шарттарына баяндама, ошондой эле шаардын геоморфологиялык, гидрогеологиялык шарттары жөнүндө маалыматтар берилди.
22.01.2024-жылы Мw=6.9 болгон күчтүү жер титирөө боюнча изилдөөлөр улантылууда, өзгөчө бул жер титирөө учурунда байкалган геомагниттик аномалиялардын өзгөчөлүктөрү каралууда.
Кийинки макала 2021-жылы Кыргызстандын аймагында жана ага чектеш аймактарда болгон күчү Mw ≥ 9.6 болгон, 21 жер титирөөнүн очоктук механизмдерин аныктоонун жана анализдөөнүн жыйынтыктарын баяндоого арналган.
Төмөндө Тянь-Шаньдагы жер титирөөлөрдүн очокторунун динамикалык параметрлеринин ортосундагы байланыштарды изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары келтирилген.
1962–2023-жылдары Кемин-Чилик жарака зонасында KR ≥ 8.0 болгон жер титирөөлөрдүн сейсмикалуулугун жана таралышын изилдөөнүн натыйжалары берилген.
Төмөнкү эмгекте сейсмикалык циклдердин иерархиясынын динамикасын изилдөөнүн натыйжалары – КР УИА ИС 1885–2023-жылдардагы маалыматтардын негизинде Тянь-Шандын дискреттик геодинамикалык системасындагы сейсмикалык функциялардын топтомун изилдөөнүн жыйынтыктары баяндалган.
Бул сан Борбордук Нарын жаракасынын аймактын геодинамикалык шарттарына жана анын сейсмикалык коркунуч деңгээлине тийгизген таасиринин ролун изилдөөгө арналган макала менен аяктайт. Басылма геоилимдер тармагында иштеген адистердин кеңири чөйрөсүнө арналган.
Катышуучулардын бардык басылмалары оригиналдуу автордук редакциясында берилген. Журналдын редакциясы алардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт.